Жаңылыктар
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде 15 маселе каралат
Экономика
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде 15 маселе каралат

2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө  мамлекеттердин  Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамда өткөрүлүп,  күн тартибине 15 маселе коюлат. Анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка  актуалдуу  маселелер  бар.  Жыйындын сонунда бир катар документтерге кол коюлат.

Евразиялык экономикалык биримдикке мучо мамлекеттердин Премьер-министрлери    Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлүүдө.