Жаңылыктар
Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин үй-бүлөсүнө иш козгоду
Коррупция
Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин үй-бүлөсүнө иш козгоду

 Латвияда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайы менен балдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан  билдиришти.

Маалыматка  караганда Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Зилалиевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата Латвиянын Кылмыш-жаза кодексинин 195- акчанын изин жашыруу беренеси  боюнча кылмыш иши козголгон.

 "Рига шаарындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун билдирүүсүнө ылайык, Д. Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Алима жана  Бектур Зилалиевдердин наамына катталган", - деп айтылат маалыматта.

Кийин аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон.

Буга байланыштуу, Рига шаарындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу Д. Зилалиев жанан анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Белгилей  кетсек, Дүйшөнбек  Зилалиевге Башкы прокуратурасы тарабынан Жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу  боюнча кылмыш-иши козголуп, тергөө иштери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Азыркы убакта аталган кылмыш ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген.