Жаңылыктар
Оштун жаш футболчулары Кытайдагы эл аралык мелдешке катышууда
Спорт
Оштун жаш футболчулары Кытайдагы эл аралык мелдешке катышууда

Ош шаарынын өспүрүмдөр командасы Кытайда өтүп жаткан футбол боюнча эл аралык мелдешке катышууда.

Бул аптада Кытайдын Линься шаарында спорттун 7 түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүп, ага 15 өлкөдөн келген 13төн 16 жашка чейинки балдар катышууда. Кыргызстандын атынан бул мелдешке футбол боюнча Ош шаарынын өспүрүмдөр командасы барган.

Кыргызстандын футболчулары (15-16 жаш) Кытайдын футбол командасын 9:2, Таиланддын командасын 5:3 эсебинде жеңген.

Жакынкы күндөрү кыргызстандык спортчулар Тажикстан жана Непалдын командалары менен оюн өткөрмөкчү