Жаңылыктар
Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышынын тандоо турунун сынагы өтөт
Маданият
Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышынын тандоо турунун сынагы өтөт

Кыргызстанда залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган "Эл аралык Айтыш 2019” деп аталган акындардын сынагы өтөт. Бул тууралуу республикалык “Айтыш” коомдук фондунан кабарлашты. 

Сынакка республиканын бардык аймактарынан акындар чакырылат. Алардын жаш курагы, башка өзгөчөлүктөрү чектелбейт. Айтыштын тандоо туру 20-августта КТРКнын концерттик залында болмокчу. 

Тандоо турунан өткөн 8 акын Казакстандан келген 8 акын менен айтышка катышат. Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышына кош байге коюлат. Байге фонду 2 миллион сомду түзөт. Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.