Жаңылыктар
Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүгө алгачкы ирет 2009-жылы уруксат берилген
Кыргызстан жаңылыктары
Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүгө алгачкы ирет 2009-жылы уруксат берилген

Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүгө алгачкы ирет 2009-жылы уруксат берилген. "Жонг жиай Майнинг компани" Алтын-Төр жана Бучук тилкелеринде иштөөгө лицензия алган. Андан бери ал лицензиянын мөөнөтү үч жолу узартылган. Ал эми серепчилер Солтон-Сарыда түзүлгөн кырдаалга тоо-кен тармагынын коррупциялашканы негизги себеп болсо, жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иштери жетиштүү жүргүзүлбөгөндүгү - кырдаалды ого бетер курчутууда дешет. Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүгө кимдер уруксат берген жана азыркы кырдаал боюнча серепчилердин пикири кандай?. Солтон-Сарыдагы кенди иштетүүгө кимдер, качан уруксат бергени баарына кызык болсо керек.  Солтон-Сарыдагы кенди казууга 2009-жылы уруксат берилген. Уруксат кагазынын мөөнөтү улам узартылып отуруп, акыркы лицензия Алмазбек Атамбаевдин оң колу эсептелген Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда - 2018-жылы 9-февралда берилген. 

Солтон-Сары кенинин Бучук аймагындагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн биринчи лицензия 2009-жылы берилген. Лицензияны Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Капар Курманалиев тапшырган. Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев узартып берген. Ал эми акыркы лицензия 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган кыргыз өкмөтү тарабынан берилген. Ал эми 2013-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде 20 жылдык мөөнөткө алтын казууга уруксат берилген. Бул уруксатты кыргыз өкмөтүнө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Ишимбай Чунуев узарткан.

90-жылдары Солтон-Сары кенин казууга “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын гана акысы бар болчу, - дешет адистер. Кийинчерээк тактап айтканда, 2007-2008-жылдары уруксат кагазы мамлекеттик ишканадан алынып, кытай компаниясына берилген. Солтон-Сарыда мындай кырдаал түзүлүшүнө дагы башка факторлор да себеп болушу мүмкүн...

Солтон-Сарыда түзүлгөн кырдаалга эң эле биринчи тоо-кен системасынын коррупциялашканы себеп болууда, - дешет серепчилер. Жергиликтүү элдин нараазылык билдиргенине компаниянын эсебинен социалдык жеңилдиктердин өз убагында берилбегени да себеп болууда.

"Zhong Ji Mining Company" компаниясы 2015-2019-жылдар аралыгында жергиликтүү тургандарга 37 миллион сомдон ашык социалдык жардам көрсөткөн. Андан тышкары, Миң-Булак айыл өкмөтүнө 21 миллион сомдон ашык, ал эми Эмгекчил айыл өкмөтүнө 21 миллион сомдон көп каражат бөлүп берген.

Бүгүнкү күнү компаниянын инфратүзүм объекттеринде жолдордун курулушу, фабрика жана башка курулуштарда жалпысынан 500гө жакын адам иштейт, анын ичинде 300дөн ашыгы Кыргызстандын жарандары.

Эми өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тургундар менен инвесторлордун ортосундагы ар кандай келишпестиктердин алдын алуу чараларын көрүшү керек. Анткени, мындай кырдаал өлкөнүн экономикасына зыянын тийгизип гана калбастан, инвесторлордун көзүнчө Кыргызстандын кадыр-баркын кетирүүдө.

Учурда өкмөт лицензия берүү жагын жөнгө салып, инвесторлорго мамилени өзгөртпөсө болбойт. Инвесторлорго мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү зарыл. Белгилей кетсек, жыл башында Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен иштетүү тармагындагы жылдар бою топтолгон олуттуу көйгөйлөр тууралуу сөз болуп, тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан жергиликтүү башкаруу органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын өз ара натыйжасыз аракеттерин калыс талдоо менен баа берип, адилет чечүү маселелери каралган. Өкмөт Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп баштады.