Жаңылыктар
Азгырыктан абайла!
Дин
Азгырыктан абайла!

Ислам динине жамынып согуш жарыялаган күчтөр, азгыруу жолу менен катарын ар кайсы улуттун өкүлдөрү менен толуктоодо. Буга чейин күч түзүмдөрү Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын айрымдары Сириядагы согушка тартылганын аныктаган. Ал эми сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиз тетири нукка кирип кетишине жол бербөө максатында муфтияттын Москвадагы өкүлчүлүгү иш алып барууда. 

  Кыргызстандын дин башкармалыгынын өкүлчүлүгү Россияда 5 жыл мурун ачылган. Өкүлчүлүктүн мойнуна сыртта эмгектенип жаткан жердештерибиз башка диний жана экстремисттик агымдарга тартылышына бөгөт кою тапшырмасы дагы жүктөлгөн. Кыргызстандан 2-3 ай сайын теолог, дин аалымдары келип ушул жерде баян айтылат. Андан тышкары Москвадагы муфтият менен биргелешип маалыматтар таратылат.
 

Кечкисин окуганы келгендердин саны 300 жетет. Алар диний жаатта ак менен караны айырмалаганды үйрөнөт. Динди туура тутууга көзү каныккан жаштар, билгенин бирге иштеген же чогуу жашаган боордоштору менен бөлүшөт.
Өкүлчүлүктө эмгек мигранттарына англис жана орус тилдери да үйрөтүлөт. Тил өздөштүрөм деп келген улан-кыздардын саны көп.
Курстарга чет тилдерге муктаж болгон жаштар чогулат. Мекенинен алыс жүргөн жаш муун өкүлдөрү билимин тереңдетүүнү көздөп, бош убактысын текке кетиргиси келбейт.
 Азыркы күндө күч кызматы жарандарды азгырыктан арачалап калуу максатында, түрдүү багыттагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Серепчилер адамдардын Сирияга аттануусуна, дин жөнүндө тетири түшүнүктөр себеп болгонун белгилейт.