Жаңылыктар
Жоокер снайпердин огунан каза болушу мүмкүн
Кырсык
Жоокер снайпердин огунан каза болушу мүмкүн

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар таратты. 

Ошондой эле, ок үй тараптан чыкканы айтылат. Атайын кызмат Атамбаевди кармоо аракети учурунда бир нече атайын бөлүктүн кызматкерлери жаракат алганын, атайын кызматтын кызматкерлери желим ок гана колдонгонун, ал эми үй тараптан аскер огу атылганын белгилейт. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.