Жаңылыктар
Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин абалы оор
Кырсык
Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин абалы оор

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов алган жаракатынан улам комага түшүп, аппараттын жардамы менен дем алууда. 

Милиция кызматкерлери менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирине карай таш менен урушуп жаткан учурда, Самат Курманкуловдун башына таш тийген. Дарыгерлердин маалыматына караганда Курманкуловдун мээси чайкалып, башынан жаракат алган. Анын абалы оор бойдон калууда.