Жаңылыктар
Туризмдин мекениндеги жагдай
Кыргызстан жаңылыктары
Туризмдин мекениндеги жагдай

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды. Анын алкагында өкмөт башчы экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдыктын жүрүшү, Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортун реконструкциялоо иши менен таанышып, Кырчын капчыгайына да барды. Премьер-министр ошондой эле Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду авто жолунун курулушу менен дагы жакындан таанышты. 

Сапарды Сооронбай Жээнбеков Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду авто жолунун курулушу менен таанышуудан баштады. Жолдун курулуш иштеринин азыркы абалы боюнча маалыматты өкмөт башчыга транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров берди. Жолдун аталган тилкесинде 2015-жылдын ноябрь айында кытайлык “Лонг Хай” компаниясы тарабынан курулуш иши башталган. Компания тарабынан 33 даана техника курулуш ишине тартылса, учурда анын 24 иштеп жатат. Мындан тышкары компания тараптан 162 даана техника ижара негизинде алынып пайдаланылууда.
 

Сооронбай Жээнбеков андан соң, Бактуу-Долоноту айылындагы “Газпром - балдарга” социалдык долбоорунун алкагында салынып жаткан ден-соолукту чыңдоочу комплекстин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматына ылайык, жаңы ипподромдун курулушу үстүбүздөгү жылдын 15-августунда жыйынтыкталат.
 Өкмөт башчы мындан тышкары, экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында маданий-массалык иш-чаралар жана спорттук таймаштар өткөрүлүүчү Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайына барды.
 Өкмөт башчы андан соң Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” Эл аралык аэропортун реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. «Манас Эл аралык аэропортунун өкүлү Абдималик Бусурманкуловдун ырасташынча, аэропортту жанылап куруу иштери 4 багытта жүрүп жатат. Аларга жарык белгилери, учактарды кондуруу тутумун орнотуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана учуп-конуучу тилкени кеңейтүү иштери кирет. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата учуп-конуучу тилке 3800 метрге дейре кеңейтилди. Реконструкциялоо аяктаган соң, аталган аэропорт жыл бою күнүнө 24 сааттан иш алып барат.
Өз кезегинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бардык белгиленген иштердин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы маанилүү экенин баса белгиледи. 

Тамчы айылындагы аэропорт жалпы Ысык-Көл облусунун туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Быйылкы жылы Ысык-Көл облусунда өлкөнүн жана анын эл аралык деңгээлдеги аброю үчүн маанилүү болгон иш-чаралар өтөт. Муну эске алуу менен аталган аэропортту реконструкциялоо иштерин пландаштырылгандай, 2016-жылдын июнь айынын орто ченинде жыйынтыктоо зарыл, - деди Сооронбай Жээнбеков.