Жаңылыктар
ИИМ: Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна түз тиешеси бар
Кылмыш
ИИМ: Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна түз тиешеси бар

 

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушунда түз тиешеси болгон. Кылмыш иштин материалдарында Атамбаевдин тапшырмасы менен Батукаевге жалган оор диагноз коюлуп, мыйзамсыз бошотуу уюштурулган.

Ошондой эле ИИМ бул боюнча Атамбаевди бир нече жолу суракка чакырганын кошумчалады. Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. 27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.