Жаңылыктар
С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тиешелүү чечим кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп,  тиешелүү чечим кабыл алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи. 

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.