Жаңылыктар
Эртең Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт
Экономика
Эртең Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

Эртең Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Ага даярдыктар планга ылайык жүрүүдө. Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен  камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, ЕАЭБдин өкмөт башчыларынын жыйыны үзгүлтуккө учурабайт, белгиленген убакытта өтөт. 

Жыйындын күн тартибине 15 маселе камтылган. Алардын негизгилери: ЕАЭБке мүчө мамлкеттердин ортосунда  бажы алымын бөлүштүрүү, агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча бирдиктүү божомол, алкоголдук рынокту жөнгө салуу сыяктуу бир катар орчундуу маселелер бар.