Жаңылыктар
“Манчестер Сити” 0:0 “Реал Мадрид”
Спорт
“Манчестер Сити” 0:0 “Реал Мадрид”

Чемпиондор Лигасынын жарым финалында “Манчестер Сити” менен “Реалдын” беттешинде оюн эсеби ачылган жок. Таймаштын биринчи бөлүгүндө эки команда тең бирдей топко ээлик кылышты. Ал эми экинчи таймда “Манчестер Ситиде” гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болгону менен, аны колдон чыгарышты. 

Беттештин бүтөрүнө 20 мүнөт калганда, “Реал” демилгени колго алып, атаандашынын дарбазасына кооптуу абалдарды жаратты. Бирок андан майнап чыккан жок.

Эске салсак, “Манчестер Сити”-“Реал” беттеши Англиянын Манчестер шаарындагы “Этихад” стадионунда өттү. Жооптук оюн 4-майда Испаниянын борбору Мадрид шаарында болот.