Жаңылыктар
Турак-жайды камсыздандыргандардын саны миңге да жеткен жок
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жайды камсыздандыргандардын саны миңге да жеткен жок

Жакынкы жылдары Кыргызстандын аймагында сейсмикалык активдүүлүк күчөйт. Жер титирөөлөрдүн кубаттуулугу 6-7 балга чейин жетээри дагы божомолдонуп жатат. 

Бул тууралуу КТРКга сейсмология институтунан билдиришти. Ал арада турак-жайын камсыздандырган кыргызстандыктардын саны миңге дагы жеткен жок.

Жакынкы 2-3 жылдын ичинде Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 8 балга чейин жеткен жер титирөө болушу ыктымал. Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч маал-маалы менен байкалып отуруп, 2026-жылга чейин уланат. Мунун себеби...

Канатбек Абдырахматов, Сейсмология институтунун директору:

“Кыргызстандын жери эки бир чоң тектоникалык плитканын ортосунда жайгашкан. Алар бири-бири менен кагылышып турат. Ошон үчүн, жер катмарларында тектоникалык чыңалуу пайда болот. Ал болсо жер титирөө менен бошоп турат. Ошондуктан, Кыргызстанда жыл сайын 3 миңге жакын жер титирөө каттайбыз. Бирок акыркы 2 жылда жер титирөөнүн саны өстү”. 

Бул сыяктуу жаратылыш кырсыгынын катарында сел дагы бар. Өткөн жуманын ортосунда селдин кесепетинен Ош облусунун айрым жерлери менен Ала-Бука жана Аксы райондорунун тургундары жабыркады.

Өмүргө коркунуч келбегени менен жарактан чыккан турак-жайлар бар. Мындай учурда, мүлктү алдын ала камсыздандыруудан өткөрүп койгон болсо ишти бир топ жеңилдетээрин адистер айтууда. 

Бул үчүн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы түзүлгөн. Камсыздандыруу эки категорияга - айыл жериндеги жана шаардагы үйлөр деп бөлүнөт. Айыл жериндеги үйлөр үчүн жылына 600 сом, шаардагылар үчүн 1200 сом төлөнөт. Бүгүнкү күндө жалпы Кыргызстан боюнча 760 гана жаран турак-жайын камсыздандырды. Алардын басымдуу бөлүгү Нарын облусунун тургундары болууда.