Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Эске салсак, 8-августта кечке жуук милиция кызматкерлери менен УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган.