Жаңылыктар
Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди
Саясат
Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлап, Медведев 9-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугаарын билдирди.

ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.

Медведевден мурун Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Аскар Мамин менен Сергей Румас келишкен.

Премьерлерди Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.