Жаңылыктар
Ош: мекендештердин эрдиги унутулбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: мекендештердин эрдиги унутулбайт

Чернобыль апаатынын курмандыктары  Ош шаарында да эскерилип, митинг-реквием болуп өттү. Мындан отуз жыл мурдагы дүйнөдөгү атом энергетикасынын тарыхындагы эң чоң кырсык катары бааланган окуянын кесепетин жоюуга катышкан үч миңден ашуун Кыргызстандыктын 105и Ош облусунун атуулдары болгон. 

Азыркы тапта Ошто 44 гана Чернобыль ардагери калды. Митинг-реквиемдин катышуучулары, Чернобыль апаатынын курмандыктарына арнап тургузулган эстеликке гүл чамбарларын коюп, бир мүнөткө унчукпай туруп эскеришти. Жергиликтүү бийлик тарабынан апааттын катышуучуларына матераиалдык жардамдар көрсөтүлдү.