Жаңылыктар
Музыканын агартуучусу Полина Цокуренконун 70 жылдыгына арналган концерт өттү
Маданият
Музыканын агартуучусу Полина Цокуренконун 70 жылдыгына арналган концерт өттү

Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда пианист жана мугалим, профессор, Кыргыз эл артисти Полина Цокуренконун 70 жылдыгына арналган концерт өттү. 

Концертти жагымдуу чыгармалар менен анын окуучулары ачып берди. Куттуктоо сөзү менен маданият жана туризм министрлигинин өкүлдөрү менен жакындары чыкты. 

Цокуренко Россиядагы Гнесиных атындагы музыкалык академияны бүтүргөн соң, мугалимдик кызматын 1970-жылы, ошол кездеги Фрунзе шаарынан баштаган. 1993-жылдан баштап, кыргыз улуттук консерваториясынын фортепиано кафедрасынын башчысы болуп 10 жыл эмгектенген. “Алтын Шаты” Президенттик балдар академиясын түзгөн. Ал Кыргызстандагы 45 жылдан ашык эмгек тажрыйбасында 200гө жакын профессионал пианисттерди даярдаган.