Жаңылыктар
Талас: болгар калемпир айдап, киреше тапкан дыйкан
Экономика
Талас: болгар калемпир айдап, киреше тапкан дыйкан

Таласта болгар калемпиринин түшүмүн жыйноо өнөктүгүнө кам көрүлө баштады. Белгилей кетсек, Манас району климаттык шарты ысык болгондуктан, калемпирден мол түшүм алууга ылайыкташкан. Жыйналган түшүмдү Россиядан, Казакстандан кардарлар дыйкандардын өзүнөн алып кетишет.


Күмүшбек Сатымкулов Бала-Саруу айылынын тургуну. Бир топ жылдан бери калемпир айдап, киреше табат. Атанын дыйканчылыгын балдары улап, учурда бир күндү да текке кетирбей талаа бетинде жүрүшөт. Каарманыбыз үй адындагы 1 жарым гектар улүш жерине беде, кулпунай, калемпир айдаган.

Каарманыбыз 50 сотых жерге айдаган калемпирден былтыр 16 тонна түшүм алып, ар бир килосун 14 сомдон сатты. Айылга келген ири кардарлардан тышкары, калган калемпирлерди коңшу Тараз шаарын алып барып сатып келет.

Манас районунда өскөн калемпир Россияга, Казакстанга чыгат. Ал жактан кардарлар бул айылдардагы дыйкандар менен алдын -ала сүйлөшүп, сатып ала турган акчаларынын жарымын эмитен эле таштап кетишкен учурлары да болот.

Манас районундагы бул Чоң-Капка айылында суу жетиштүү болгондуктан калемпир айдашат. Себеби, калемир жумасына эки жолу суу талап кылат. Ал эми райондун айрым суу жетпеген айылдары калемпирди мынчалык көлөмдө айдашпайт. Калемпирчи дыйкандардын айтымында, быйыл калемпирдин сабактары жапыз болгону менен алган түшүмү берекелүү. 


Август айынын аягында бул калемпирлердин биринчи жулугу башталат. Кардарлар ири унаа-көлүктөрү менен өздөрү келип, дыйкандардын колунан алып кетишет. Кеч күзгө таяй калган калемпирлерди манастык дыйкандар өздөрү 20 км чакырым алыс турган коңшу Казакстандын Тараз шаарындагы базарларга сатып келишет.