Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында ЕӨАК кезектеги жыйыны тар чөйрөдө өтүүдө
Экономика
Чолпон-Ата шаарында ЕӨАК кезектеги жыйыны тар чөйрөдө өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын тар курамдагы жыйыны өтүп жатат. 

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларын Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгы жана евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктап, жыйынды Кыргызстанда өткөрүү сунушун кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары катышууда.