Жаңылыктар
Жээнбеков Армениянын премьер-министри Н.Пашинян менен жолугушту
Саясат
Жээнбеков Армениянын премьер-министри Н.Пашинян менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Ал Никол Пашиняндын бүгүнкү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын ишине ЕАЭБдин Жогорку Кеңешинин Төрагасы катары катышуусу евразиялык аймактагы ийгиликтүү интеграцияга өз салымын кошот деген ишенимин билдирди. 

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы визити экенин белгилеп, меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян ошондой эле ЕАЭБдин алкагында кызматташуу, ВСП+ макамынын артыкчылыктары, Евросоюз менен кызматташуу, санариптештирүү тармагында тажрыйба алмашуу, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашышты.