Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия кызматташтыгы активдүү динамикада өнүгүүдө
Саясат
Кыргызстан-Россия кызматташтыгы активдүү динамикада өнүгүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында, Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен болгон сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи. Ал Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити ийгиликтүү өтүп, кыргыз-россиялык кызматташуу активдүү динамикада өнүгүп, конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргызстанга, анын бермети болгон Ысык-Көлгө дагы бир жолу келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи.

Ал Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламын жолдоп, Кыргызстанга келер алдында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелери боюнча маселелерди талкуулашканын кошумчалады. Сооронбай Жээнбеков менен Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында жетишилген макулдашуулардын натыйжасын, ошондой эле 2020-жылды Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын, ал эми Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын кайчылаш жылы деп жарыялоонун алкагында, иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.