Жаңылыктар
Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы түзүлөт
Экономика
Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы түзүлөт

Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында, кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы түзүлөт. Бул тууралуу эки тараптуу жолугушууда айтылды. 

Кечээ, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Венгриянын экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолукту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-венгер кызматташтыгы, эки тараптуу алакалар менен бирге аймактык коопсуздук тууралуу талкуу болду. Венгер тарап, өлкөдөгү парламенттик демократиянын мындан аркы өнүгүүсүнө өлкө тарабынан колдоо керек экенин белгиледи. 

Ошондой эле, былтыр өткөн парламенттик шайлоолор эл аралык коомчулук тарабынан позитивдүү баага татыганы айтылып, шайлоо өткөрүүдөгү ийгиликтер баса белгиленди. Венгриянын Тышкы иштер министринин айтымында, кыргыз тарап менен фармацевтика, саламаттык сактоо жана энергетика тармагы боюнча кызматташтык кеңейтилет.