Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "ЕАЭБдин эл аралык ишмердиги дүйнөлүк айдыңда кызыгуу жаратты"
Экономика
Сооронбай Жээнбеков: "ЕАЭБдин эл аралык ишмердиги дүйнөлүк айдыңда кызыгуу жаратты"

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБдин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту. Мамлекет башчысы белгилегендей, Биримдиктин эл аралык ишмердиги дүйнөлүк айдыңда кызыгуу жаратты. Соода-экономикалык мамилелер жана кызматташуунун географиялык картасы кеңейүүдө. 

Кытай жана Иран менен макулдашууларга кол коюлду. Вьетнам менен эркин соода аймагы иштеп жатат. Израиль, Сингапур, Сербия, Индия жана Египет менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бир катар ири аймактык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. ЕАЭБ тарыхый өнүгүүнүн маанилүү баскычында турат. Аракеттин баарын интеграциялык байланыштарды мындан ары бекемдөө, тоскоолдуктарды жоюу, бизнес жана экономиканы теңдештирүүгө багытталган финансылык институттарга жагымдуу шарттарды түзүүгө багыттоо маанилүү. 

Сооронбай Жээнбеков "Өнөр жай кооперациясынын евразиялык түйүнү" долбоору Союздун ичинде чыгарылган сырьё жана продукцияны колдонууга алып келерин баса белгиледи. Бирикменин товарларын белгилөө жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу контрабанда жана "көмүскө" импорт менен болгон күрөшүүдөгү натыйжалуулугун көрсөттү. Ал Бирикменин ички рыногундагы тоскоолдуктарды натыйжалуу жоюуда Комиссияга тийиштүү укуктарды берүү зарылдыгына көңүл бурду жана мындай демилге Кеңештин жыйындарында бир канча жолу көтөрүлгөнүн, маанилүү маселелердин бири кирип жаткан бажы салыктарынын суммаларын бөлүштүрүү нормативдери экенин айтты. 

Өкмөт башчыларынын атынан сөз сүйлөгөн Россиянын Премьер-министри Дмитрий Медведев жыйында Биримдиктин ишмердигинин актуалдуу маселелери талкууланарын кошумчалап, ал оң нукта чечилерине үмүтүн билдирди. Президент Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин катышуучуларына Биримдиктин өнүгүүсү жана бекемдөөсү үчүн жемиштүү иштөөсүн жана Ысык-Көлдө жагымдуу убакыт өткөрүүнү каалады.