Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында Евразестин кезектеги жыйыны болду
Экономика
Чолпон-Ата шаарында Евразестин кезектеги жыйыны болду

Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Жыйында 15 маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын учактары Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданына 8-августтун түнү эле коно баштаган. Жогорку даражалуу конокторду Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков сый-урмат менен тосуп алды.

Бул жолу өкмөт  башчыларынын тар курамдагы жолугушуусу улуттук үлгүдө жасалгаланган бөлмөдө өттү. Мухаммедкалый Абылгазиев жыйындын катышуучуларын ЕАЭБдин 5 жылдыгы жана интеграциянын идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктап, өкмөт жетекчилери менен жылуу учурашты.

Андан соң, жыйынга келгендер кеңири курамда сүйлөштү. Армения, Беларусь, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын өкмөт башчылары транс чек аралык, агрардык өнөр жай маселелери, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, бажы алымдары сыяктуу 15 актуалдуу маселени карашты.