Жаңылыктар
Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта калтырылды
Кылмыш

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта калтырылды. Мындай чечимди анын баш коргоо чарасын караган Биринчи май райондук соту чыгарып, тергөө иштери жүрүп жаткандыктан камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Соттон билдиришкендей, баш коргоо чарасы кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишине байланыштуу кабыл алынды.

Атамбаев Жазык кодексинин "Кылмышка аралашуу" жана "Коррупция" беренелери боюнча шектелүүдө.

Эске салсак, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, УКМКнын имаратына алып келишкен. Укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев бийликке багынып берди.

Атамбаев менен укук коргоо органдарынын сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүүсү бир канча убакытка созулганы айтылууда.