Жаңылыктар
Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуялар боюнча шектүүлөрдүн сүрөтүн жарыялады
Кылмыш
Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуялар боюнча шектүүлөрдүн сүрөтүн жарыялады

POST1RIGHT

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуялар боюнча бир нече берене менен кылмыш ишин козгогон. Аларды массалык башаламандык уюштуруу, бейбаштык, адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу жана адамды туткунга алуу беренелери толуктайт. Ал эми 244-берене «Туткунга алуу» беренеси Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, милиция шектүүлөрдүн сүрөтүн жарыялады.

Кой-Таштагы окуяда кан төгүү менен кошо башаламандык көрүнүштөр орун алды. УКМК “Альфа” атайын бөлүмүнүн бир кызматкери октон каза болуп,  алты кызматкери барымтага алынып, коё берилди. Ооруканага түшкөндөрдүн саны жалпы 100 адамга чукулдады. Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, абалы оор бойдон калууда.

Атайын операция учурунда атайын бөлүм желим ок колдонгон. Бирок үч кабат хан сарайды ээси менен коргогон адамдар аскердик куралдан ок чыгарып, жардыруучу заттар бар бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Атайын аскерлер адамдарга тике атпай, үйдүн ичине чейин сүрүп барганда, аларды буктурмага алышып, сабап, барымтага алышкан. Катуу жаракат алгандарын ак халатчандар чыгарып кетип, алтоо барымтада калган. Окуянын чоо-жайын ошол күнү жарадар болгон атайын бөлүмдүн кызматкери айтып берди.