Жаңылыктар
Кой-Ташта каза болгон Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү жерге берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Ташта каза болгон Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү жерге берилди

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда ок жаңылып каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбек уулу акыркы сапарга узатылды. Жүрөгү эл деп соккон, өмүрүн мекенине арнаган  каарман уулу менен коштошуу үчүн жакындары, замандаштары жана расмий бийликтин өкүлдөрү келип эскеришти. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Күйүтүнөн ичи сыздап ыйлагандар - маркум Үсөнбек Ниязбек уулунун жакындары. Күлгүндөй 47 жаш курагында эрте кеткен бир боорун жоктоп армандуу сыздашууда 

Артында 6 баласы атасыз жетим калды. Тукумун улаган издеринин убалы өлтүргөндөргө жетсин деп зарлашат.