Жаңылыктар
Кой-Ташта жаракат алган аскерлерге каражат чогултулуп жатабы?
Ден соолук
Кой-Ташта жаракат алган аскерлерге каражат чогултулуп жатабы?

Кой-Таштагы окуяда жаракат алган атайын аскерлерге кымбат баалуу дары-дармек керек,-деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди. 

Азыркы тапта жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүп жатат жана керектүү болгон дары-дармектер менен толук камсыз болгон. Ошондой эле, УКМК айрым жарандардын жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү чакырыктарына ишенбөөгө чакырат. Эгер жарандар бул боюнча маалымат алууну кааласа УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312 66 04 75 номуру байланышса болот.