Жаңылыктар
Атамбаевдин эки тарапташы камалды
Коррупция
Атамбаевдин эки тарапташы камалды

Алмазбек Атамбаевдин эки тарапташы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди. КСДП штабынын өкүлдөрү Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиевдин кармалгандыгы тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Эми аларга карата Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтөөлөр жүргүзүлөт. Учурда ички иштер министрлигинин тергөө кызматы ыкчам чараларды көрүп, тергөө амалдарын ишке ашырууда. 

9-августта сотко чейинки өндүрүш иликтөөлөрдүн алкагында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сурак берген. Учурда мыйзам чегинде мындан аркы иликтөө иштери уланууда. Ошондой эле соттун чечими менен «Медиа-Форум» акционердик коомунун мүлкү камакка алынып, «Апрель» телеканалынын ишмердүүлүгү токтотулду.