Жаңылыктар
Кыргызстан-Венгрия: экономикалык мамилени чыңдоого кызыктар
Экономика
Кыргызстан-Венгрия: экономикалык мамилени чыңдоого кызыктар

Кыргызстан менен Венгрия соода-экономикалык мамилени чыңдоого кызыктар. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртонун жолугушуусунда белгиленди. Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта маселелер талкууланды.Өз кезегинде Венгриянын Тышкы иштер министри, Кыргызстан Европа биримдиги менен Орто Азиянын ортосундагы кызматташттыкта башкы ролду ойнорун баса белгиледи.

Кыргызстанга Венгриянын  тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри алгачкы жолу иш сапары менен келди. Күндүн экинчи жарымында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуп,  анда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер талкууланды. Мамлекет башчы  Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министринин Кыргызстанга алгачкы сапары эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүнө жаңы дем берип, эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жакындыгын эске алуу менен ар кайсы тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди.Өз кезегинде Кыргызстан менен Венгрия эки тараптуу бир катар макулдашууларга жетишкенин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Ал арада Орто Азия менен Европа биримдигинин ортосунда тыгыз кызматташттык болушу керектигин жана бул жерде Кыргызстан башкы орунда турарын Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто өз кезегинде баса белгиледи.

Мындан сырткары жолугушууда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстан Европа биримдиги  менен ЕАЭБ ортосунда кызматташууну алдыга жылдырарын белгиледи.

Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы депутат Алмаз Баатырбеков, Венгриянын тышкы иштер министринин Кыргызстан Европа биримдиги менен Орто Азиянын ортосундагы кызматташттыкта башкы ролду ойнойт-деген пикирин колдоорун айтат.

Ал арада жергиликтүү серепчилер эки тараптуу кызматташттыкты жандантууга оң баасын беришүүдө. Кыргызстан ВСП плюс статусуна ээ экенин эске салган Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев, Кыргызстан менен Венгрия банк секторунда  кызматташттыкты бекемдесе болоорун боолгойт.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда учурдан пайдаланып, министр Петер Сийярто Венгриянын өкүлдөрү быйыл сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышаарын билдирди.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”