Жаңылыктар
Самат Курманкулов менен аскерлерге дары-дармек жетиштүү
Ден соолук
Самат Курманкулов менен аскерлерге дары-дармек жетиштүү

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусу үчүн зарыл болгон дары-дармектер толук түрдө жетиштүү, жана ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын саламаттыгы боюнча белгилүү академиктер Сабырбек Жумабеков менен Миталип Мамытов медициналык кеңештерин берип сутка бою көзөмөлдөп турушат. Эгерде ден-соолугуна байланыштуу башка мамлекетте дарылануу зарылдыгы болсо, Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык тиешелүү чараларды көрөт. 

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта баш сөөгүнөн жаракат алып, оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна түшкөн. Бейтап келери менен ыкчам түрдө анын баш сөөгүнө операция жасалган. 8-августта дарыгерлердин жалпы консилиумунан кийин ага дагы бир операция жасоо чечими кабыл алынган. Азыркы тапта Самат Курманкулов операциядан кийин жандардыруу бөлүмүндө, өпкөсүнө кошумча аппараттын жардамы менен жасалма дем алууда. Абалы оор, өзүнө келе элек.