Жаңылыктар
Эртең Курман айт майрамы белгиленет
Дин
Эртең Курман айт майрамы белгиленет

Курман айт майрамы мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул күнү айт намазынан кийин кудурети жеткен адамдар курмандык чалышат. Мусулмандар айт күнү бири-бирин куттукташып, айтташып, зыярат кылышат. 

Кыргызстандагы мусулмандардын дин башкармалыгынын билдирүүсү боюнча майрамдык айт-намаз салттуу турдө 11-август күнү эски аянтта саат 7:30да башталат. Ошондой эле эртең мененки саат 6дан 7:30га чейин өкмөттүн өкүлдөрү менен дин кызматкерлери сүйлөшөт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдирүүсү боюнча Кыргызстанда Курман айт 11 -август жекшемби күнгө туш болгондуктан, 12-август дүйшөмбү күнү иш эмес күнү деп белгиленди.