Жаңылыктар
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды
Саясат
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды

Узап бара жаткан аптада Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды. ЕАЭБдин 5 жылдык мааракелик отурумун өткөрүүгө саясий кырдаал тоскоол болгон жок.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары Чолпон-Атага келишти. Жыйындын соңунда уюм ичинде кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ошол эле учурда Албетте чек аралардагы майда барат көйгөйлөр да талкууланыпа, аларды бара-бара жөнгө салуу боюнча сөздөр болду. POST2LEFT

Беш жылда ЕАЭБ аймактагы таасирдүү экономикалык уюм экенин далилдей алды. Товарлар, кызмат, капитал менен жумуш күчүнүн эркин жүрүшүнө жол ачкан интеграциялык биримдиктин беш жыл ичинде жыйынтыктары жаман эмес-дейт экономисттер. Өндүрүлгөн товарлар ЕАЭБдин 180 миллион калкы бар рынокко кетип жатат. 

Кыргызстан үчүн маанилүү жагы Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизге бир топ жеңилдиктер берилди. Эмгек мигранттардын укуктары Орусиянын жарандары менен барабар болду. Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандары Орусияда өздөрүнүн айдоочулук күбөлүгү менен жеке айдоочу болуп эмгектенүүгө укук алышты.

Кыргызстан уюмга кошулуу менен өлкө экономикасын өргө тартууга чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болду деген талдоочулар ата мекендик продукциянын экспорту артып жатат-дейт. ЕАЭБге кошулгандан бери экспорттун көрсөткүчү 40%га көбөйгөн. Түз экспортко эң көп көлөмдө чыгып жаткан-бул айыл чарба азыктары. Экологиялык таза азыктарга болгон суроо-талап барган сайын жогорулап жаткандыктан экспорттун көлөмү арбып жатат. Бул сүт жана сүт азыктары, балык, бал, жашылча жана кургатылган жер жемиштер менен кгийим кече.