Жаңылыктар
Ири суммада баңгизат ташып бара жаткан унаа кармалды
Кылмыш
Ири суммада баңгизат ташып бара жаткан унаа кармалды

Милиция кызматкерлери ири суммада баңгизат ташып бара жаткан унааны кармашты. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында "Вольво" үлгүсүндөгү унаада ири көлөмдөгү баңгизат жүктөлүп, Орусияга андан ары Европага жеткириле турган героин табылды. Маңзат салынган унаа тууралуу Кара-Көл шаардык милициясына маалымат берилгенден кийин алар унааны Бишкек - Ош жолунан кармашкан. Учурда иш боюнча тергөө амалдары башталды. Унаадан 44 килограмм 300 грамм маңзаттары чыкты. Жүктүн ээси Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.