Жаңылыктар
«Ак-Кеме» өткөрмө постуна карантиндик, фитосанитардык көзөмөл пункту ачылды
Айыл чарба
«Ак-Кеме» өткөрмө постуна карантиндик, фитосанитардык көзөмөл пункту ачылды

Балыкчы шаарынын «Ак-Кеме» өткөрмө постуна жаны карантиндик, фитосанитардык көзөмөлдөө пункту ачылды. Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө фитосанитардык посттун ачылышы аймактагы дыйкандардын ишин жеңилдетип, өндүргөн айыл чарба продукцияларына алдын ала кепилдик берүүнү максаттайт. 

Өткөрмө жайы оптималдуу жана талаптагыдай фитосанитардык көзөмөлдү камсыздап, продукцияны импорттоодо, экспортоодо жана транзиттоодо эрежелердин сакталышын жөнгө салат. Мындан сырткары Кыргызстандын аймагын карантиндик зыяндуу организмдерди алып келүүдөн жана аны жайылтуудан коргойт. Муну менен Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткарат."Атайын ачылды. Өкмөттүн атайын чечими менен. Бул жерден Нарын жана Ысык-Көл облустарынан экспортко жана ички базарларга кетип жаткан өсүмдүктөрдү, башка айыл чарба продукцияларын текшерип жөнөткөнгө ылайыктап жатабыз. Бул сөзсүз керек болчу. Себеби биз ЕАЭСке мүчө болуп киргенден кийин биз бир топ сын угуп келгенбиз. Анда силерден келген продукциядан ар кандай оору чыгып жатат деп. Эми андай маселе жаралбашы керек",- деди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.