Жаңылыктар
БШК: мигранттардын шайлоо укуктары кеңейип, жакшыртылат
Шайлоо 2023
БШК: мигранттардын шайлоо укуктары кеңейип, жакшыртылат

Москва шаарында 11- августта Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, кыргыз диаспора жетектчилери, активисттер жана ар кандай уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда эмгек мигранттарын кызыктарган суроолорго жооп алынып, пикир алмашуу болду. 

БШК төрайымы белгилегендей, жакында эле мамлекет башчы шайлоо реформасына таандык бир катар мыйзам долбоорлоруна кол койгон. Шайлдабекованын айтымында, мыйзам долбоорлорундагы айрым кошумча жана өзгөртүүлөр чет жерде жашап, иштеп жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын кеңейтип, жакшыртууга багытталган.