Жаңылыктар
Россиядагы мекендештер Курман айт майрамын белгиледи
Дин
Россиядагы мекендештер Курман айт майрамын белгиледи

Россиядагы мекендештер Курман айт майрамын белгиледи. Лопатина айылында 18 бодо мал курмандыкка чалынып, эти муктаждарга таратылып берилди. Маркумдарга арналып куран окулуп, мекендештер өз тилектеринде Кыргызстанга тынчтык жана өнүгүү каалады. Москвадагы айт намазы. Россиянын борборундагы мечиттерде айт намазга келгендердин санынын көптүгүнөн, көчөлөрдү жаап, келгендерди батырууга туура келген. Алардын арасында биздин мекендештер да аз эмес.

Айт намазынан кийин Калуга облусунун Лопантина айылында, мекендештер 18 бодо малды курмандыкка чалды. Малды эмгек мигранттары чогулуп алышкан. Демилгени Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлдөрү көтөрүп, уюштуруп да беришти.

Мекендештер Кыргызстанда болуп жаткан ар кандай кырдаалга кайдыгер эмес. Алар бул улуу күндө жаратканга жалынып, Мекендин тынчтыгын, биримдигин тилек кылып жатышты. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Россияда 600 миңден ашык кыргызстандык эмгектенет. Москва шаарында эле, мигранттардын башын бириктирген 80дей коомдук бирикме бар. Алардын башында Аксакалдар кеңеши менен кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңеши ишин алып барып келет.

Мекенден алыс жүргөндө, ага болгон сүйүү артат. Туулган жерде болуп жаткан ар бир жакшы жаңылык, чет жерде жүргөн кишиге дем күч берип, эртеңки күнгө болгон ишенимин чыңдайт. Бул ыйык майрамда бөтөн жерде эмгектенип жүргөн мекендештердин, киндик каны тамган жерине каалаган аруу тилектери аткарылып, Жараткан тарабынан жалганарына үмүттөрү чоң.