Жаңылыктар
Самат Курманкулов Москвага дарыланууга жөнөтүлдү
Ден соолук
Самат Курманкулов Москвага дарыланууга жөнөтүлдү

Бүгүн 7-августта Кой-Таш айылындагы окуяда жаракат алган Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Москва шаарындагы Н.Н.Бурденко атындагы Нейрохирургия борборуна дарылануу үчүн жөнөтүлдү. 

Мындай чечим 11-августта Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда Н.Н.Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун нейрореаниматологу, медицина илимдеринин доктору Александр Полупан жана ушул эле борбордун нейрохирургу Ярослав Латышевдин катышуусунда өткөн консилиумда кабыл алынган.