Жаңылыктар
Бишкекте троллейбустун үч каттамы өзгөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте троллейбустун үч каттамы өзгөрөт

Бишкекте троллейбустун үч каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы кабарлады. Билдирмеге караганда, 6-троллейбус Асанбай кичи районуна чейин барса, 4-8-троллейбустар Киев көчөсү менен барып Бейшеналиева көчөсү аркылуу өтөт. 

Ал эми 9-10-троллейбусттар убактылуу ишин токтотот. Мындай өзгөрүү Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия проспектисине чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу. 

Калаа жетекчилиги жаралган ыңгайсыздыкка тургундарды түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.