Жаңылыктар
Самат Курманкулов Москавага дарыланууга жөнөтүлдү
Ден соолук
Самат Курманкулов Москавага дарыланууга жөнөтүлдү

Кой-Таш айылындагы окуяда жаракат алган Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Москва шаарындагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборуна дарылануу үчүн жөнөтүлдү. Мындай чечим Кыргызстан менен Россиянын дарыгерлеринин биргелешкен консилиумунда  кабыл алынды.

Полковник Самат Курманкуловду Москвага  жөнөтүү  чечими  Бурденко атындагы нейрохирургия борборунан атайын келген тажрыйбалуу дарыгерлер менен Кыргызстандын дарыгерлеринин биргелешип өткөргөн кеңешмесинен кийин кабыл алынган. 

Самат Курманкуловдун абалы оор, бирок туруктуу экендигин белгилеген  Саламаттык сактоо министринин орун басары - бейтап жолдо бара жатканда кыйналбашы үчүн  өпкөсүнө жасалма дем алдыруучу аппарат  туташтырылгандыгын айтты.

42 жаштагы Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын  өмүрүн сактап калуу үчүн Кыргызстандын тажрыйбалуу  дарыгерлери бардык аракеттерди көрүшкөн. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда анын башына эки ирет операция жасалган.

Самат Курманкуловду коштоп жанына  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана жубайы чогуу учуп кетти.