Жаңылыктар
Мөмөгө катылган баңгизат
Кылмыш
Мөмөгө катылган баңгизат

Баткен облусунун Үч-Коргон айылында жүк ташуучу унаадагы 19 тонна мөмөнүн ичине катылган 44 килограммдан ашуун героин табылды. Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиргенине ылайык,  маңзаттын ири партиясы Орусия жана Европага жөнөтүүгө камдалган. Ыкчам операциянын жүрүшүндө унаа кармалып, учурда жүктүн ээси изделүүдө.

Укук коргоо кызматкерлеринин ыкчам операциясында, мөмө-жемиш ташып бараткан унаадан 44 килограмм 300 грамм баңгизат табылган. Текшере келгенде, 19 тоннаны түзгөн шабдаалы, алмурут жана башка мөмөлөргө катылган эң жогорку сапаттагы баңгизат катылганы аныкталган.

Буга чейин 1-июнда атайын операциянын жүрүшүндө Германия менен Польшанын чек арасынан Кыргызстандан барган унаа текшерилгенде таттуу азыктардын арасына катылган 670 килограмм баңгизаты табылган болчу. 40-50 миллион еврого бааланган маңзат афган аймагынан Бельгия тарапка ташылып бараткандыгы болжолдонот.  Азыркы күндө бул өңдүү баңгизат каражаттарынын кыймылынын түйүнүн ачыкка чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүүдө чек арага жакын аймактардагы калк менен адистердин тыгыз иштөөсү зарыл дейт талдоочулар.