Жаңылыктар
Сары-Булуң айылында эски мектеп авариялык абалда болсо, жаңысы бүтпөй турат
Билим
Сары-Булуң айылында эски мектеп авариялык абалда болсо, жаңысы бүтпөй турат

Жаңы окуу жылы жакындаган сайын Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылынын жергиликтүү жашоочулары  менен мектеп мугалимдери окуучуларды "кайда алып барып окутабыз"- деп бушайман. Анткени айылдагы ашар жолу менен салынган эски мектеп авариялык абалга кептелген. Ал эми 6 жылдан бери курулуп жаткан жаңы мектеп дагы деле бүтпөй келет.

Сары-Булуң айылындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектеп 3 корпустан турат. Биринчиси 1958-жылы ашар жолу менен салынган. 60 жыл мурда курулган  имарат авариялык абалга келип, дубалдарында  мына ушундай жаракалар пайда болгон.

Маселени  чечүү боюнча жаңы мектепти спорт залы менен  куруу иштери 6 жыл мурда башталган экен. Бүгүнкү күндө  жаңы мектептин окуу корпусу бүтүп калыптыр. Жаңы окуу жылында  жарым-жартылай аяктап калган имаратка  көчүп туралы дешкени менен керектүү эмеректер  жок болуп жатыптыр.

Ал эми ата-энелер да  эски мектепке балдарын жиберүүгө  кооптонуп турушат. Мындан улам “жаңы мектепти быйылдан калтырбай бүтүрүп, балдарыбыз коопсуз жайда билим алса” дешет.

Жаңы мектептин сметалык баасы 53 млн. сомду түзөт. Бүгүнкү күндө дагы 21 млн. сом каржылана элек. Ал каражатка спорт зал курулушу керек экен.