Жаңылыктар
Ош облусунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Ош облусунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

13-августка караган түнү саат 23:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Зилзала Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой айылдарында 5 балл, Салам-Алик айылында 4,5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 4 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.