Жаңылыктар
Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мекендеш
Экономика
Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мекендеш

Бишкекте өткөн президенттин алдындагы чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш кеңешинин форумунда мекендештерибиз өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымдарын кошууга даяр экендиктерин билдиришкен. Мына ушундай  инсандардын катарын толуктаган бүгүнкү каарманыбыз Жолдошали Шамуратов Кыргызстандагы мектептердин, бала бакчалардын ремонту үчүн 2 млн. рубль берерин убадалаган. 44 жылдан бери Москва шаарында курулуш тармагында эмгектенип, буга чейин да Ата Мекенине бир топ каржылык колдоо көрсөткөн.

Чет өлкөдө жүргөн тажрыйбасы мол, өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзгөчө идеяларга бай мекендештер өлкөнү өнүктүрүүнү, келечек муундун мыкты тарбияланып өсүүсү үчүн ар тараптан салым кошууну каалашат. Буга далил 1-2-август күндөрү Бишкекте өткөн Президенттин алдында чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш кеңешинин форумунун катышуучусу, Москва шаарында эмгектенип келген Жолдошали Шамуратов Кыргызстанда мектептерди жана бала бакчаларды оңдоп-түзөө үчүн 2 млн. рубль берген.