Жаңылыктар
Кыргыз - өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттер кайрадан жанданат
Чек ара
Кыргыз - өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттер кайрадан жанданат

Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Эл аралык мамилени жакшыртып, өткөрмө бекеттерди оңдоо, мекеменин 2019-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында көрсөтүлгөн.

Анда кошуна мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык карым-катыш жана товар ташуу күчөгөнүнө байланыштуу, кошумча жол керек болуп жатканы айтылат. 

Стратегияда товарларды өткөрүүнү ыкчамдатуу үчүн, ошондой эле бажы процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу пландары сунушталган. 

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы расмий 15 өткөрмө бекеттин сегизи иштеп жатат. Эскерте кетсек, буга чейин эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин көбү 2005-жылдагы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Акыркы жылдары расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери жакындагандан баштап, бекеттер кайра ачыла баштаган.