Жаңылыктар
Токмок шаарында поезд кырсыкка учурап, эки вагон жолдон чыгып кеткен
Кырсык
Токмок шаарында поезд кырсыкка учурап, эки вагон жолдон чыгып кеткен

12-августта болжол менен түнкү ондор чамасында Токмок шаарында поезд кырсыкка учурап, эки вагон жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу маалыматты «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. 

Транспорт катуу ылдамдыкта баратып бурулган учурда ооп кеткен. Курмандыктар жана жабыр тарткандар жок.

Вагондор «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен иштешкен Токмоктогу айнек чыгаруучу заводдун мүлкү болгон. 

Маалымат катары айтса кетсек, тармакта жыл сайын кырсыктар катталып, анын көбү адам өмүрүн алуу менен аяктайт. Акыркы жолу 3-июнда Бишкектеги темир жолдо жарылуу болуп, төрт адам жабыркаган.