Жаңылыктар
Шевченконун кезектеги гонорары 260 миң АКШ долларын түздү
Спорт
Шевченконун кезектеги гонорары 260 миң АКШ долларын түздү

Уругвайда өткөн UFC боюнча "Fight Night 156" турниринин катышуучулары алган каражат белгилүү болду.

Негизги таймашта Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко менен Лиз Кармуш беттешип, жеңил салмакта Шевченко өзүнүн буга чейинки чемпиондук курун коргоду.

Беш раунддун жыйынтыгы менен Шевченко жеңишке жетип, ал үчүн 260 миң доллар каражат алды. Анын 110 миңи катышкандыгы үчүн, дагы 110 миңи жеңишине жана 40 миң доллар демөөрчүлөрдүн эсебинен берилди. Ал эми анын атаандашы Лиз Кармуш жалпы 130 миң доллар гонорарга ээ болду.