Жаңылыктар
Мыйзамсыз ташылып келген тамеки продукциясы кармалды
Кылмыш
Мыйзамсыз ташылып келген тамеки продукциясы кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген тамеки продукциясы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Маалыматка караганда,  “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында КР жаранынын башкаруусундагы “МЕРСЕДЕС БЕНЦ 310D” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан - WINSTON X-style Blue аталышындагы 300 000 даана тамеки; - Үй оокатары; - Кездемелер кармалган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө  караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.