Жаңылыктар
Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды
Кылмыш
Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды

Алмазбек Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Бишкектеги маалымат жыйында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Ал 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча кандай кылмыш иштер козголгонун айтып берди. Башкы прокурор белгилегендей, депутаттар - Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, журналист Дмитрий Ложников, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева күбө катары суралып жатат.

«Алардын баары 7-8-августтагы окуяларды көрүшкөн. Ишти объективдүү тергөө үчүн дагы башка адамдарды сурайбыз. Биз буларды журналист катары, же сынчы катары эмес, 7-8-августтагы жагдайды толук аныктап, тактап, юридикалык баа берүү үчүн сурайбыз», - деди Жамшитов